2025-жылы Бишкектеги турак жайдын баасы 26,8 пайызга өстү
Отчеттук мезгил ичинде Бишкек жана Ош шаарларында батирлер жана турак үйлөрдүн орточо бааларынын өсүшү байкалган.
Агенттиктин маалыматына ылайык, борбордогу бир чарчы метр батирдин орточо баасы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өскөн.
Эң байкалган баа өсүшү жеке батирлер үчүн — 21,7 пайызды түзгөн. Андан кийин 105-сериядагы батирлер 18,9 пайызга, 308-сериядагы батирлер 17,7 пайызга жана 104-сериядагы батирлер 17,4 пайызга өскөн.
Ош шаарында 104-сериядагы батирлер 26,9 пайызга, 105-сериядагы батирлер 24,4 пайызга, ал эми жеке батирлер 11,6 пайызга кымбаттаган.
Бишкектеги турак үйлөрдүн бир чарчы метри да 26,8 пайызга өскөн. Баа өсүшү Свердлов районунда эң жогору болуп, 37,11 пайызды түзгөн. Ошто үйлөр 37,04 пайызга кымбаттаган.
Ошол эле учурда турак жай бааларынын өсүшү инфляция деңгээлинен жогору болуп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 9,2 пайызды түзгөн.
Окшош материалдар:
