2025-жыл метеорологиялык байкоолор тарыхындагы үч эң ысык жылдын катарына кирди
«Глобалдык климаттык көрсөткүчтөр» аттуу отчетунда C3Sтин орун басары Саманта Берджесс 2025-жылы температура 2023-жылга караганда болгону 0,01 градус Цельсийге төмөн болгонун белгиледи, ал эми 2024-жыл метеорологиялык байкоолордун башталгандан бери эң ысык жыл болуп калууда.
Copernicusтун маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2025-жылга чейин глобалдык деңгээлде орточо температура индустрияга чейинки деңгээлден 1,5 градуска жогору болду — бул үч жылдык мезгилде мындай ашып кетүү биринчи жолу болуп жатат.
Адистер учурдагы глобалдык жылуулук темптери сакталса, 2015-жылы кабыл алынган Париж келишими тарабынан белгиленген 1,5 градус Цельсийге чейин жогорулаштын чеги күтүлгөндөн 10 жыл мурда ашып кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Температура рекорддору. Бишкекте 10-январда эң суук 1959-жылы болгон
10-январда Бишкекте, мурда Фрунзе деп аталган шаарда, 1959-жыл эсиңизде калат, анткени температура...