Кыргызстанда IT-тармактын кызматкерлеринин күнү пайда болушу мүмкүн
Кыргызстандын санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги IT-тармактын кызматкерлеринин күнүн белгилөөнү сунуштады. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Ведомство акыркы жылдары өлкөдө санариптик өнүгүү үчүн нормативдик, институттук жана технологиялык базанын активдүү түзүлүп жатканын белгилеп, бул мамлекеттик мекемелердин ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүгө жана электрондук башкаруунун өнүгүшүнө көмөктөшөт.