Бишкектин борборунда электробус жеңил унаа менен кагышты
Бишкектеги Тыныстанов жана Московская көчөлөрүнүн кесилишинде электробус менен жеңил автоунаа кагышып, авария болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, окуянын натыйжасында эч ким жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары жана шаардык кызматкерлер иштеп жатышат. Учурда бул жол кырсыгынын себептери жана шарттары аныкталууда.