
Мамлекеттик маалыматтарды коргоо агенттигинде расмий адамдардын жана агенттиктин кызматкерлеринин атынан жасалма билдирүүлөрдү таратуу менен байланышкан жаңы алдамчылык учурлары жөнүндө маалымдашты. Бул билдирүүлөр, негизинен, WhatsApp аркылуу таралууда, үчүнчү жактар тарабынан жарандарды алдоо максатында жөнөтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, бул билдирүүлөр Мамлекеттик агенттиктин ишине эч кандай тиешеси жок. Ведомство кызматтык кат алышууну жүргүзбөйт жана жарандарга мессенджерлер же башка расмий эмес каналдар аркылуу расмий билдирүүлөрдү жөнөтпөйт деп баса белгиледи.
Ошондуктан агенттик жарандарды жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүн чакырат:
- ушундай билдирүүлөргө көңүл буруп, сын көз менен карап турууга;
- жеке маалыматтарды, документтердин реквизиттерин, ырастоочу коддорду, логиндерди жана паролдорду ачпоого;
- шектүү шилтемелерге өтүүдөн жана бул билдирүүлөрдө камтылган өтүнүчтөрдү аткаруудан качууга.