Тревождуу баскыч, сигнализация. Бишкектеги мектептерди өрттөн коргоону БГКда талкуулашты
Ал ар бир билим берүү мекемесинде коопсуздук кнопкасы орнотулганын, анын тейлөөсүнө жыл сайын 15 миллион сом бөлүнөрүн белгиледи.
«Жалпы санынын ичинен 116 мектеп жана 118 бала бакча өрт сигнализациясы менен жабдылган. Ленин районундагы кээ бир окуу жайларында жана үч бала бакчада аталган сигнализацияны орнотуу улантылууда. Ошондой эле, МЧС тарабынан өрт ящиктеринин, гидранттардын жана башка жабдуулардын туура орнотулушу туруктуу текшерилет. Өрт боюнча машыгуулар график боюнча өткөрүлүп, азыркы учурда эч кандай сын-пикирлер келген жок, иштер мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Виктория Мозгачева бардык билим берүү мекемелери милдеттүү түрдө камсыздандырууга алынарын баса белгиледи.
Ал 2025-жылдын майында № 63 мектепте директордун кабинетинде түтүн чыгып, анын үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму оңдоо чыгымдарын калыбына келтиргенин эске салды.
Ошондой эле мектептерде жаш куткаруучулар жана өрт өчүрүү дружиналары иш алып барууда, алар туруктуу билим алып, өз көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн оюн формасындагы конкурстарга катышууда, деп белгиледи вице-мэр.