Баткен облусунда үйү оттон жанып кеткен жаранга 450 000 сомдук камсыздандыруу сертификаты берилди. Бул маалымат президенттин өкүлчүлүгүнөн келип түштү.
Зардап тарткан адам — Лейлек районунун Кёк-Таш айылында жашаган Буузия Камалидинова. Анын алты бөлмөлүү үйү 2026-жылдын 21-февралында, саат 23:30 чамасында электр зымдарынын кыска туташуу себептүү өрттөнүп кеткен.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 23-январында Кадамжай районунун Мин-Чынар айылында тез жардам кызматына таандык Toyota Hilux унаасынын катышуусунда ЖОЖ болгон. Натыйжада облустук бириккен ооруканасы зыян тартты. Бул окуяга байланыштуу 870 470 сомдук камсыздандыруу компенсациясы төлөндү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму төлөмдөрдү убагында жана толук көлөмдө жүргүзүп, жарандардын жана мекемелердин мүлкүн коргоого, ошондой эле ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жумшартууга каражаттарды багыттоодо.
Баткен мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын башынан бери облус боюнча 9 жаранга 2 193 275 сом компенсация катары төлөнгөн. Анын ичинде:
- 6 жаранга ОСЖ боюнча жабыркаган турак жай үчүн — 988 406 сом;
- 2 жаранга ОСАГО боюнча ЖОЖдан келген зыян үчүн — 334 399 сом;
- КАСКО боюнча тез жардам унаасы үчүн — 870 470 сом.