Пресс-релизден маалым болгондой, бул институт авто мектебинин жана авто лабораториялардын ишин координациялоого, ошондой эле жарандарды транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү үчүн ачык жана адилеттүү системаны түзүүгө жооп берет.
Институттун негизги милдети — айдоочулардын даярдыгынын сапатын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана жолдордо коопсуздукту жогорулатуу.
Уюмдун расмий сайтында колдонуучулар авто мектебинде окуу үчүн 086 формасындагы маалымкатты «Тундук» тиркемеси аркылуу берип, катталса болот.
Жарандар окуу, каттоо жана айдоочулук укуктарын алуу боюнча консультацияларды жана актуалдуу маалыматтарды ала алышат.
Байланыш маалыматы:
Дарек: Бишкек, Горький көчөсү, 142.
Кол-центр: +996555793555, +996555146555.
@avtomektep.gov.kg
Институттун адистери авто мектептерде окуу, каттоо, айдоочулар үчүн талаптар жана транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү системасындагы өзгөртүүлөр боюнча консультацияларды берүүгө даяр.