
Жолугушуунун жүрүшүндө аба каттамдарына байланыштуу өкмөттөр аралык макулдашуу долбоорунун акыркы этапы аяктаган.
Документтин негизги аспекттери талкууланып, тараптар макулдашуунун акыркы версиясын бекитүүгө жетишти.
Имзаланган макулдашуу Кыргызстан менен Австриянын арасында авиациялык байланыштарды активдүү өнүктүрүү үчүн зарыл юридикалык шарттарды түзөт. Ал туруктуу рейстерди орнотууга гана эмес, жолаушылар жана жүк ташууларын көбөйтүүгө, ошондой эле бизнес, туризм жана маданият тармактарындагы байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
25-сентябрь 2025-жылы Монреалда Кыргызстан Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен австриялык жарандык авиация башкармалыгынын ортосунда авиациялык жөнгө салуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган меморандумга кол коюлганын белгилеп өтүү керек.