Анын айтымында, жүргүнчүлөргө адаттагыдай сапарларында өзгөрүүлөрдү күтүшү керек, анткени кээ бир учурларда бир жерден экинчи жерге өтүү үчүн алмашууларды жасоо зарыл болот.
Мындан тышкары, жаңы төлөм системасы киргизилет. "Алмашууларды жасоонун зарылдыгына карабастан, жүргүнчүлөр үчүн бир сааттын ичинде бирдиктүү тариф иштейт", - деп белгиледи Бейшенбаев.
"Тулпар" картасынын жардамы менен жүргүнчү 60 мүнөт ичинде эки же андан көп алмашуу жасап, болгону бир жолу төлөп — 17 сомдон ашпаган сумма менен жүрө алат."Оптималдаштыруу долбоору маршруттук тармакты толук жаңыртууну жана автобустарды күтүүнүн убактысын кыскартууну камтыйт. Бардык өзгөрүүлөр жергиликтүү тургундардын жана борборго келген коноктордун ыңгайлуулугун эске алуу менен жүргүзүлөт жана жол оңдоолорунун пландары менен макулдашылат", - деп кошумчалады ал.