Жыйында депутат Эмир Марлисбеков коомдук транспортто билетсиз жүргүнчүлөрдүн маселеси кандай чечилери тууралуу суроо узатты.
Уланбек Бейшенбаев контролерлордун милиция менен биргеликте «зайцевди» аныктоо боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле 70 жаштагы кыздын 90 жаштагы энесинин картасын колдонгон учурларды мисал келтирди.
Мындай учурларда карталар алынып, кайра берилбейт.
Уланбек Бейшенбаев
Эскертебиз, «Тулпар» жеңилдик картасы акысыз берилет жана төмөнкү жарандардын муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө укук берет:
- башка шаарда катталган пенсионерлер;
- инвалиддер;
- кызматтык милдеттерин аткарып жаткан «Кыргызпочтасы» ААКнын кызматкерлери.