
Бишкекте спорттук жана жекпе-жек багыттарын камтыган улуттук самбо чемпионаты башталды. Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, өлкөнүн бардык бурчтарынан 320 катышуучуну чогултту.
Чемпионаттын ачылышына Физикалык тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Бузурман Багышбеков, ошондой эле федерациялардын өкүлдөрү жана машыктыруучулар катышты.
Сорундардын биринчи күнүндө спортчулар 58, 71, 88 жана 98 кг салмак категорияларында атаандашып жатышат.
Чемпионат 19-февралга чейин уланат жана анын жыйынтыгы боюнча келечектеги эл аралык турнилерге катышуучу курама команда түзүлөт.