
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жабыркагандардын өкүлдөрү жана фирманын жетекчилиги менен жолугушту.
Окуяга жүздөн ашык катышуучу чогулду. Адамдар камакка алынган компаниянын мүлкүн колдонуп курулуштарды аяктоо жана чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча суроолор беришти. Эркебек Аширходжаев кылмыш ишинин алкагында «Дастан Курулуш» компаниясынын директору камакта экенин жана тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.




Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда «Дастан Курулуш» компаниясы боюнча 66 материал катталган. 41 учур боюнча кылмыш иштер козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип, сотко өткөрүлдү.
Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 36 миллион сомдон ашат.
Жолугушуунун аягында орун басар министр бардык жарандардын кайрылуулары мыйзамга ылайык карала турганын, жабыркагандардын укуктарын коргоо камсыздаларын белгиледи.