КР Саламаттык сактоо министрлиги эркектерге поликлиникаларда инфекциялык эмес ооруларды текшерүүдөн өтүүнү сунуштады

Елена Краснова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram

Мамлекетте «Жоопкерчиликтүү бол!» ден соолук акциясы башталды.


Кыргызстанда «Жоопкерчиликтүү бол!» аталышындагы эркектерге арналган ден соолук акциясы башталды, бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Бул кампаниянын максаты 18 жаштан жогорку эркектер арасында инфекциялык эмес оорулардын тобокелдик факторлорун аныктоо болуп саналат. Жарандарга үй-бүлөлүк медициналык борборлорго, жалпы дарыгерлердин практикасына, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторуна жана фельдшердик-акушердик пункттарга профилактикалык медициналык кеңешмелерге катталууга сунушталат.

Профилактикада негизги көңүл хроникалык оорулардын аныкталышына, анын ичинде жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, респиратордук оорулар жана диабетке бурулат.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: