Мындан тышкары, Россияда мыйзамдуу болуу үчүн, бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык бир нече маанилүү кадамдарды аткаруу зарыл:
- 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүп, ошондой эле дактилоскопия жана сүрөт тартуу менен катталуу;
- 30 күндүн ичинде убактылуу жашоо орду боюнча тиешелүү аймактык органда миграциялык каттоодон өтүү. Москва жана Москва облусуна жумушка орношуу максатында келген жарандар үчүн каттоо "Амина" тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы эрежелер боюнча каттала алышат;
- эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүү;
- 90 күндүн ичинде убактылуу жашоо мөөнөтүн узартуу, эмгек же жарандык-укуктук келишимине негизделип, миграциялык органдарда миграциялык картага белгиленүү.