Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов өлкөдөгү балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн акыркы он жылда 73%га төмөндөгөнүн билдирди. Бул билдирүү ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен болгон жолугушууда айтылды.
Мындай натыйжаларга энелердин жана балдардын ден соолугун жакшыртууга багытталган программалардын алкагында биргелешкен аракеттердин натыйжасында жетишилди.
«2023-жылы биздин өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин колдоосу менен жүргүзүлгөн Көп көрсөткүчтүү комплекс изилдөөсүнө ылайык, акыркы беш жылда беш жашка чейинки балдардын өлүмү 1000 туулган баладан 20дан 16,5ке төмөндөгөн», - деп баса белгиледи министр.