Кыргызстандын президенти АКШнын атайын өкүлү Серджио Гораны кабыл алды
4-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын элчиси Серджио Гор менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-америкалык кызматташтыктын саясий жана экономикалык тармактары, транспорт, санариптештирүү, финансылык технологиялар, жасалма интеллект жана саламаттык сактоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.