
Президент Airbus Europe менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бүгүн кол коюлган келишимде бул чагылдырылганын айтты.
Мындан тышкары, учурда Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча ЕСтин кара тизмесинен чыгаруу процессин аяктоодо. Жапаров акыркы аудит ушул айда өткөрүлөрүн белгилеп, компаниялардын өкүлдөрүн бул маселеде жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.
КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Йохан Пелиссье Кыргызстандын авиация тармагындагы оң жетишкендиктерин белгилеп, модернизация жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча маанилүү кадамдарды баса белгиледи. Ал ошондой эле коммерциялык авиациядан тышкары транспорт жана логистика сыяктуу башка тармактарда узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп жатканын билдирди.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
«Биз Кыргызстан Евросоюздун аудитинин акыркы стадиясында экенин кубануу менен билдик жана бул процесс боюнча зарыл колдоону көрсөтүүгө даярбыз», - деди ал.
Морис Прендергаст Кыргызстан сатып алган жаңы учактар эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берерин кошумчалап, компаниянын адистери кыргызстандык кесиптештерин операциялык системалар жана жаңы аба кемелеринин техникалык аспектилери боюнча окутуу үчүн келишерин билдирди.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун аягында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыктарын бекемдешти.