
Садыр Жапаров Airbus Europe менен эффективдүү жана өз ара пайдалуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бүгүн кол коюлган келишимди тастыктады.
Мындан тышкары, Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Европалык Союздун кара тизмесинен чыгаруу боюнча акыркы этапка кирди. Президент акыркы аудит ушул айда пландалганын айтып, компаниялардын жетекчилерине бул багытта жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга сунуштады.
КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Йохан Пелиссье Кыргызстандын авиациялык коопсуздук жана модернизация боюнча жетишкендиктерин оң баалады. Ал коммерциялык авиациядан тышкары транспорт жана логистика сыяктуу башка тармактарда узак мөөнөттүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
«Кыргызстан Европалык Союздун аудитинин акыркы этабында экенин угуп кубанычтабыз жана зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз», - деп кошумчалады ал.
Морис Прендергаст Кыргызстан тарабынан сатып алынган учактар эл аралык стандарттарга жооп берерин белгилеп, компаниянын адистери өлкөгө келип, кыргызстандыктарга жаңы аба кемелеринин операциялык системаларын жана техникалык деталдарын үйрөтүүгө жардам берерин билдирди.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун аягында тараптар өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташууну улантууга ниеттенгенин тастыкташты.