
Талкуу учурунда практикалык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү, Кыргызстанда чакан жана орто бизнес үчүн жаңы өндүрүш кубаттарын түзүү маселелери баса белгиленди. "Бүгүнкү күндө өлкөнүн өкмөтүнө жаңы өндүрүш технологияларын киргизүү, экспортко багытталган ишканаларды ачуу жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү тапшырмасы коюлган. Биз бир катар мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, Кытай менен тажрыйба жана кызматташтыкты активдүү пайдаланууну пландап жатабыз," — деди Эдиль Байсалов.
Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.
Линь У бардык тараптардын кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө, гуманитардык алмашууларды активдештирүүгө жана өнөр жай тармагында жаңы демилгелерди ишке киргизүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар регион аралык өз ара аракеттешүүнү чыңдоо боюнча кадамдарды аныктап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга макулдашышты.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.
Визит учурунда Кыргызстан делегациясы провинциядагы бир нече алдыңкы машина куруу ишканаларынын иши менен таанышышты.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.

Сүрөт министрлер кабинетинин сайтынан.