
Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" басылмасына берген интервьюсундагы билдирүүсүнө ылайык, мурдагы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка кайтып келүүнү пландаштырбайт.
Президент: "Мен ар кандай талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүүнү артык көрөм. Биз достор болуп калабыз, бирок мамлекеттик кызматка кайтуу болбойт. Ага эс алууга жана ден соолугуна кам көрүүгө убакыт керек. Убакыт бардык нерсени өз ордуна коюп берет. Азыр ал обидаланып жаткандай болушу мүмкүн, бирок кийин бул чечимдин туура экенин түшүнөт" - деди.
Ошондой эле Жапаров Ташиевге жакын адамдардын кызматтан кетиши тууралуу ушактарды комментарийлеп өттү.
"Мен кызматтан кетүү боюнча көрсөтмө берген жокмун. Алар өз милдеттерин аткарып, саясатка аралашпасын. Эгер кимдир бирөө өз каалоосу менен кетүүнү чечсе, биз аларды кармап калбайбыз. Бирок бардык министрликтерде текшерүүлөр жүргүзүлөт. Эгер коррупциялык аракеттер аныкталса, күнөөлүүлөр жазага тартылат" - деп кошумчалады ал.
"Мен дайыма эскертип келгем: туугандарды жана досторду кызматка дайындабаңыздар. Мындай адамдар өздөрүн жазасыз сезиши мүмкүн. Эгер уурдоо фактылары далилденсе, жоопкерчилик бардык адамдарга, алардын статусуна карабастан, жүктөлөт" - деди президент.
Жапаров Ташиев менен кызматтан кеткенден кийин болгон жолугушуусу тууралуу да айтып берди.
"Кечээ кечинде мен ал менен жолугуштум. Эс ал, ден соолугуңа кам көр дедим. Ал "аксакалдардын" кээ бирлери анын аркасында иш алып барып, ага зыян келтиргенин мойнуна алды. Биз тартип орнототу. Бизде бул үчүн жетиштүү күч жана мүмкүнчүлүктөр бар" - деп жыйынтыктады президент.