Торобаевдин айтымында, бул каражаттар төмөнкү иштерди аткарууга жумшалат:
- 776 чакырым каналдарды тазалоо жана оңдоо;
- 657,4 миң чарчы метр (112,6 чакырым) каналдарды бетондоо;
- 590 гидротехникалык курулмаларды калыбына келтирүү жана оңдоо;
- 508 суу өлчөө постторун жаңылоо;
- 91 насос станциясын жана 170 насос агрегатын оңдоо;
- 46 насос агрегатын жаңылоо;
- суу өлчөмдөрүн көзөмөлдөө үчүн 1,5 миң электрондук приборду орнотуу;
- 225 чакырым коллектор-дренаж системасын тазалоо.
2025-жылы республикада 15 051 скважина катталган, алардын 308и текшерилген, 50сү эксплуатацияга берилген. Келечектеги 2026-жылы дагы 83 жаңы скважина эксплуатацияга берилет деп күтүлүүдө.
Министр ошондой эле учурда өлкөдө жалпы долбоордук көлөмү 1 миллиард 757 миллион куб метрди түзгөн 498 суу сактагычы бар экенин билдирди. Бирок чогултулган суунун фактический көлөмү 939,3 миллион куб метрди түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 443,3 миллион куб метрге, же 32 пайызга аз.
2026-жылы 1 миллион 250 миң гектар аянтка себүү иштерин жүргүзүү пландалууда, анын ичинен 885 миң гектары сугарылуучу жерлер. Алар үчүн орто эсеп менен 4-5 жолу сезон ичинде 6,3 миллиард куб метр суу берүү талап кылынат.
Суу чарба объекттерин сугат мезгилине даярдоо үчүн суу ресурстары кызматынан 203 бирдик техника жана жергиликтүү айыл өкмөтүнөн 1 миңге жакын техника тартуу пландалууда.