Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик маанидеги документтерди жана продукцияларды өндүрүүнү улуттук деңгээлде өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу системалык иштерди баштады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жетекчилигинде ААК «Учкун» өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр боюнча маанилүү өсүштү көрсөттү. Учурда бардык мамлекеттик каттоо номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка басма продукциялар ушул ишканада өндүрүлөт.
Финансылык натыйжалар боюнча төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:
- 2022-жылы ААК «Учкун» кирешеси 105 миллион 605 миң сомду түздү;
- 2025-жылы бул көрсөткүч 4 миллиард 2 миллион 976 миң сомго жетти.
Ошентип, ААК «Учкун» кирешелери 38 эсе өстү жана азыркы учурда мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ продукцияларды өндүрүү менен ийгиликтүү алектенген ишканалардын катарына кирет.