Бишкекте «Нелегал» аттуу кезектеги рейд өттү
Ведомствонун маалыматы боюнча, рейд учурунда укук коргоо органдары чет өлкөлүк жарандардын жеке башын тастыктаган документтеринин бардыгын жана жарамдуулугун текшеришти, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуу болушун текшеришти.
«Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлдү, анын негизинде жашаган жеринен чыгып жатканда мыйзамдуу болушун тастыктаган документтерди алып жүрүү зарыл. Ошондой эле, жашаган жерин эң зарыл учурда гана таштап кетүү сунушталды. Кырсык учурларында 102 номерине кайрылуу сунушталды», — деп айтылат билдирүүдө.
Чет өлкөлүк студенттердин тиешелүү уруксаты жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укугу жок экендиги боюнча мыйзамдардын нормаларын түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Миграция мыйзамдарын бузуунун алдын алуу жана аны аныктоо боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылат.
Окшош материалдар:
