1990-жылдардын башынан бери Ош шаарында 71 бала бакчанын 40ы жеке колго өттү
1991-жылы Ош шаарында 71 мамлекеттик бала бакча иштеп жаткан. Бирок 1991-жылдан 2004-жылга чейин алардын 40ы приватизацияланган. «Көз карандысыздык алган учурдан, 1991-жылы Ошто 71 бала бакча болгон. 2004-жылга чейин алардын 40ы жеке колго берилген. 2011–2012-жылдарда бул мекемелерди кайтарып алуу боюнча активдүү аракеттер башталган. Бүгүнкү күндө 9 бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды, алардын арасында Кокум-Бий көчөсүндө 280 орундуу бакча да бар. Бирок 31 бала бакча азырынча кайтарылган жок», — деди ал.
Маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, кайтарылбаган бала бакчалардын ичинен 16сы ар түрдүү мамлекеттик структуралардын башкаруусунда. Алардын арасында СПИД борбору, онкологиялык ооруканасы жана жогорку окуу жайларынын айрым факультеттери бар. Мындан тышкары, болжол менен 15 бала бакчанын имараты өндүрүш же башка муктаждыктар үчүн колдонулууда.
Тынчтыкбек Бекташтегин ошондой эле Ош шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш бала бакчаларды соттук инстанциялар аркылуу кайтарып алуу боюнча активдүү иш алып барууда деп кошумчалады. Имараттар кайтарылып алынгандан кийин, алар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, билим берүү башкармалыгына өткөрүлөт.
Ал ошондой эле 2009-жылдан бери Ошто жаңы бала бакчалар ачыла баштаганын билдирди. Натыйжада бүгүнкү күндө шаарда 70 мамлекеттик бала бакча жана 80ден ашык жеке бакча иштеп жатат.
Окшош материалдар:
