Манас шаарында 15 жаштагы өспүрүмдү «Chevrolet Spark» унаасын уурдоого шектешүүдө
Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, окуя 6-январда Т. Байзаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында болгон. Жергиликтүү тургундардын бири милицияга кайрылып, үйүнүн жанында токтоп турган «Chevrolet Spark» унаасынын белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдирген.
Факт катталган соң, ыкчам-издөө иш-чаралары башталган. Натыйжада, 8-январда Манас шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине шектүү — 2011-жылы туулган, Манас шаарынын тургуну М. У. А. кармалды. Ал тергөө-ыкчам тобуна жеткирилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окшош материалдар:
