Манас районундагы беш мектеп авариялык абалда турат
Turmush — 15-январь күнү билим берүү министри Догдуркуль Кендирбаева Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Манас районундагы бир нече мектептерди текшерди, алар начар абалда экенин белгиледи. Министр биринчи кезекте 1957-жылы курулган жана башында 220 окуучуга арналган Бала-Саруу орто мектебинин имаратын көрдү. Учурда бул жерде 397 бала окуйт. Кендирбаева жаңы мектеп куруу боюнча сунуш даярдоону тапшырды.