ФИФА 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатында футболчулардын 3D-аватарларын киргизет
ФИФА 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында колдонулуучу маанилүү технологиялык жаңылыкты киргизгенин жарыялады. Турнирге катышчу 1 248 футболчу өздөрүнүн жеке 3D-аватарларын алышат. Ар бир оюнчуну сканерлөө процесси болгону бир секундду алат жана турнирдин башталышына чейин милдеттүү этап болуп саналат.