Экипаж Кыргызстан флагында «Дакар-2026» раллисинде катышууда
3-январдан 17-январга чейин Сауд Аравиясында ралли-рейд боюнча дүйнө чемпионаты — Dakar Rally-2026 өтүүдө. Гонка Янбу шаарынан башталды, ал эми финиш ошол эле жерде болот. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары социалдык тармактар аркылуу билдиришти. Кыргызстанды өкүлдөгөн экипаж Денис Кротов жана Константин Жильцов аттуу гонщиктерден турат, алар Ford заводдук командасынын атынан жаңы Ford Raptor T1+ унаасында 217 номер менен катышууда. Эки спортчу кыргыз лицензиясы менен катталган жана өлкөнүн