Кыргызстанда бир жылда чек ара өткөрмө пункттарында айыл чарба товарларын импорттоодо 112 мыйзам бузуулар аныкталды

2025-жыл ичинде Кыргызстандагы чек ара ветеринардык контролдоо пункттарында импорттолгон айыл чарба товарларын текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуулар аныкталды, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Бул учурлар боюнча кайтаруу актылары түзүлгөн.
Мыйзам бузуулар импорттоочу өлкөлөр боюнча төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:
Казакстан – 48 кайтаруу акты
Өзбекстан – 51 кайтаруу акты
Россия – 8 кайтаруу акты
Пакистан – 1 кайтаруу акты
Кытай (КНР) – 3 кайтаруу акты
Түркия – 1 кайтаруу акты
Бул мыйзам бузуулардын негизги себептери ветеринардык документтердин белгиленген стандарттарга жооп бербеши, жүк коопсуздугунун талаптарын сактабашы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу болду.
Окшош материалдар:
