Кыргыз номурлары бар авто Россияда. РФ ИИМи алардын каттоого алынуусу керекпи, айтып берди
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргыз номерлери бар унааларды Россиянын аймагында колдонуу эрежелерин тактады. Autonews.ru сайтына берилген жоопто, чиновниктер ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдө катталган унаалар Россия Федерациясында жергиликтүү мыйзамдарды сактоо шарты менен легалдуу жүрө алаарын белгилешти.