
Мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында, «адаттан тыш жана жүрөктү эзген бул иш-аракет кадимки күндү чыныгы майрамга айлантты. Гүлдөр кыздарга, аялдарга жана апаларга тапшырылып, бул иш-аракет чын жүрөктөн ыраазычылык жана куттуктоо сөздөрү менен коштолду. Көптөгөн бишкектик аялдар ыраазычылык билдирип, жүздөрүндө күлкү пайда болуп, жүргүнчүлөр токтоп, бул мүнөттү сүрөткө тартып алышты», — деп айтылат пресс-релизде.




Бишкек мэриясы бардык аялдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден-соолук, бактылуулук, бакубаттык, үй-бүлөдө уют жана шыктануу каалайт.