Милиция жарандардан 18 жаштагы Хасиятхан Абдуллаеваны издөөдө жардам берүүнү суранып жатат
Манас шаарында 18 жаштагы Хасиятхан Абдуллаева бир айдан бери жок, деп билдирет Turmush агенттигинин кабарчысы. Бул жагдайга байланыштуу укук коргоо органдары жарандарды кызды издөөдө жардам берүүгө чакырууда.