МИД башчысы Катардагы Кыргызстан элчисинин жумуштан бошотулушунун себебин атады
15-январда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Марат Нуралиевдин Катардагы Кыргызстандын элчиси кызматынан бошотулушунун себептери тууралуу маалымат берди. Ал Нуралиев өз милдеттерин жакшы аткарганына карабастан, мамлекеттик кызматкерлер үчүн этика нормаларын бузганы үчүн бошотулганын белгиледи.