Кафе жана ресторандарда кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу жыйымдын жоюлушу: бийлик чечимдин себебин түшүндүрдү
Көптөгөн кардарлардан 15 пайыздык кошумча жыйым боюнча келип түшкөн арыздарга байланыштуу, коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу акыны жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Экономика министрлигинин антимонопольдук саясат башкармалыгынын башкы адиси Адилет Жумабеков билдирди. Жумабековдун маалыматына ылайык, президенттин администрациясы нормативдик актыларга өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырган. Рестораторлор жана ишкерлер менен талкуу учурунда ар