Баткен облусунда «Нелегал» операциясынын алкагында тогуз чет элдикке айыппул салынды
«Нелегал» операциясынын натыйжасында, 17-февралдан 19-февралга чейин, Баткен облусунда тогуз чет элдик жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу региондук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Баткен облусунун ИИБсинин сүрөтү. Тогуз чет элдикке айып салынды Милициянын маалыматына ылайык, рейд учурунда эмгек иши менен алектенген чет элдиктер текшерилди. Аларга Кыргызстанда болуу эрежелери жана миграция мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, тиешелүү эскертүүлөр