Караколдо 22 жаштагы кызга карата сексуалдык зомбулук боюнча арызды текшерүүнү кайра башташты
УВД Ысык-Көл облусунун маалыматына ылайык, Караколдо интернетте кеңири талкууланган видео кайрылууга байланыштуу текшерүү кайра жанданды. Караколдун 22 жаштагы тургуну Д. А. 2025-жылдын 30-январында шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, таанышынан сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирген. Бул окуя Каракол шаардык ИИБдин маалымат каттоо журналына катталган, андан кийин алдын ала текшерүү башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалган, шектүү катары Ак-Суй районунан