Башкы бет » Окуялар » Бишкекте 14 жаштагы Арсен Акылбеков жоголду
Окуялар

Бишкекте 14 жаштагы Арсен Акылбеков жоголду

УВД Ленин районунун пресс-кызматы 2011-жылы төрөлгөн Акылбеков Арсен Урматовичтин жоголгону тууралуу маалымат берди.

Ул бала 15-январда, таңкы саат 11лер чамасында Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Жаш өспүрүмдүн атасы милицияга 17-январда гана кайрылган.

Сипаттамасы: бою болжол менен 175 см, орто дене түзүлүшү, узун чач.

Жоголгон учурдагы кийими: кара Kappa куртка, сиви Nike спорттук штан, кара Puma кроссовка, башында «келме» жазуусу бар көк шапка болгон.

Кошумча белгилери: анын велосипед бар эле.

Укук коргоо органдары баланын кайда экендиги тууралуу маалыматка ээ болгондорду же аны көргөндөрдү төмөнкү телефон номерлери боюнча билдирүүгө чакырууда: 0312 35 29 47, 0705 45 05 53, 0555 19 65 52 жана 0704 69 31 43.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК