2025-жылы курулуштарда 10дон ашык кырсык болду – Минстрой
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кенештин жыйынында өткөн жылы курулуштарда болгон кырсыктар тууралуу суроо берди. Бул боюнча курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу 2025-жылы 10дон ашык кырсык катталганын, анын натыйжасында жумушчулар ар кандай жаракаттарды, жеңил жана оор жаракаттарды алганын билдирди. Иманакун уулунун айтымында, уюмда коопсуздук техникасы боюнча журнал бар жана ар бир айда курулуш аянтчаларында окутуулар жана көзөмөл жүргүзүлөт. Ал курулуш компанияларынын кээ бир