
Чүй облусунда милиция кызматкерлери энесине зомбулук көрсөткөн эркекти кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
2026-жылдын 3-январында Сокулук районунун ички иштер органдарына 1958-жылы туулган Ш.Л. аттуу аял кайрылган. Ал 1978-жылы туулган, Ш.А. аттуу уулуна каршы арыз жазып, анын тараптан физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүү учурларынын үзгүлтүксүз болуп турганын, айрыкча алкогольдик мас абалында экенин белгилеген.
Бул окуя катталып, энесине келтирилген зыяндын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттердин корутундусу Ш.Л. жеңил дене жаракаттарын алганын, бул анын ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келгенин тастыктады.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш процесси кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Ш.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда бул кылмыш ишин кеңири жана объективдүү териштирүү үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы үй-бүлөлүк зомбулук учурлары катуу көзөмөлдө экенин жана мыйзамдык жактан каралып жатканын белгилейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, үй-бүлөдө физикалык жана психологиялык зомбулук үчүн тиешелүү жоопкерчилик чаралары каралган.
Милиция жарандарды мындай учурларды жашырбоого жана укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылууга чакырат. Бардык кайрылуулар милдеттүү түрдө катталып, каралат.