Жүк ташуучу унаа Бишкек—Ош трассасында төгүлдү
Жол кырсыгы 22-январь күнү таңкы саат 9:30 чамасында Сузак районундагы айланма жолдо катталды. Курамы боюнча күбөлөрдүн маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаа Топурак-Бель ашуусунан Сузак айылына карай түшүп баратканда, тормоздору иштебей калып, төгүлүп кеткен.
Жолдон өтүп бараткан айдоочулар жабыркаган адамды чыгарып, аны тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Сузак райондук ооруканасынын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев жабыркаган адамдын абалы тууралуу маалымат берди. «Биздин ооруканабызга 1993-жылы төрөлгөн, жол кырсыгына кабылган эркек киши келди. Анын оң бутунун жамбашы жабык сынган жана сол бутунун сөөктөрү ачык сынган. Ал травматикалык шок абалында жеткирилди жана азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди башкы дарыгер.