
Алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Бишкекте 4 миллион сомдон ашык алдамчылыкка шектелген аял кармалды, деп билдиришти ИИМдин ГУВДсынан.
Ведомствонун маалыматына ылайык, С.Б. аттуу жаран Свердлов районунун ИИБне Д.С. аттуу аялдын алдамчылыгы тууралуу расмий арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын июнь айында Д.С. Түркиядан алынып келинген алтын буюмдарды сатуу деген шылтоо менен 4 129 300 сомду алып, жок болуп кеткен.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган Д.С. ГУВДнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Милиция кызматкерлери жарандарды акча жана баалуу буюмдар менен операцияларды жүргүзүүдө, өзгөчө чоң суммада, этият болууга чакырышат.
Сүрөт www