Бишкекте аял 5 млн сомдук алтын зергерчилик буюмдарды сатууга алып, изин жашырып кетти

Арестова Татьяна Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте аял 5 миллион сомдук алтын зергерчилик буюмдарды сатууга алып, изин жашырып кетти

Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды


22-февралда Бишкектин Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына К.М. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Ал С.А. аттуу аялга чара көрүүнү өтүнгөн. Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя тууралуу маалымат берди.

Арыз берүүчү С.А. алтын зергерчилик буюмдарды сатуу шылтоосу менен ишенимди утуп алып, 5 миллион 154 миң сомдук алтын буюмдарды алдап алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.

Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1987-жылы туулган шектүү кармалды.

Азыркы учурда ал Тергөө кызматына жайгаштырылып, Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында жатат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: