Экстремисттик материалдарды социалдык тармактарда таратууга шектүү адам кармалды
Маалыматка ылайык, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын оперативдик кызматкерлери бир катар иш-чараларды өткөрүп, Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик материалдарды таратып келген жаранды кармашкан.
Экспертизанын маалыматы боюнча, кармалган жаран интернетте экстремисттик жана террордук уюмдарга тиешелүү материалдарды жарыялаган.
Жыйналган далилдер жана экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 332-беренеси боюнча, «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» жана 330-беренеси боюнча, «Расалык, этникалык, улуттук, диний же регион аралык душмандыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдик-тергөө иштери башталды.
Бул иш-чаралардын натыйжасында шектүү — 1992-жылы туулган Дж. уулу М. кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда бул кылмыш иши менен байланышкан башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда», — деп белгиленди маалыматта.
Дагы окуңуз:
Ош шаарынын тургуну социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратканы үчүн кармалды
Ош шаарында укук коргоо органдары социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды...
Без изображения
ГКНБ аныктады, эркек массалык башаламандыкка чакырып, Кыргызстандагы абактар тууралуу маалыматтарды өткөрүп жаткан. Сот өкүм чыгарды
Сот 7 жылга түрмөгө кесилген эркекти, ал №27 түзөтүү колониясында жаза өтөп жатканда...
Ош облусунда экстремисттик материалдарды таратууга шектелгендер кармалды
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматтары...