
Милициядан алынган маалыматка ылайык, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматынын оперативдик кызматкерлери атайын иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстанда тыюу салынган материалдарды интернетте таратып келген жаранды аныкташты.
Экспертиза кармалган жаран социалдык тармактарда экстремисттик жана террордук топторго байланыштуу материалдарды жарыялаганын тастыктады.
ИИМдин сүрөтү
Жыйналган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» жана «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык жек көрүүдү козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран 1992-жылы туулган Дж. уулу М. болуп чыкты. Учурда ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө иштери уланууда жана укук коргоо органдары тыюу салынган материалдарды таратууга катышы бар башка мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.