
Милициянын маалыматына ылайык, интернетте экстремисттик жана террордук топторго байланыштуу материалдардын жайгашкандыгын экспертиза тастыктады.
Жыйналган далилдер жана эксперттик корутундуга негизделип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси "Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу" боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдик-иликтөө иштери башталды.
Кармалгандар.
Оперативдик-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1994-жылы туулган Д. Г. жана 1999-жылы туулган Ю. Б. кармалды. Сот алардын камакка алынышы тууралуу чечим кабыл алды.
Учурда бул ишке байланыштуу башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда.