Бишкек-Ош жолунда лавина түштү

Ирина Орлонская Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкек-Ош жолунда лавина түшүп калды

Жол транспорт үчүн жабык


Бүгүн, 2026-жылдын 11-мартында, саат 06:50дө Бишкек – Ош автожолунун 224-километри, Ала-Бель ашуусунда, кар лавинасы түшүп калды. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Окуянын натыйжасында трассадагы бардык түрдөгү транспорттун кыймылы убактылуу токтотулду.

Учурда жол эксплуатациялоо ишканасынын № 23 адистери атайын техниканы колдонуп, жолду тазалоо менен алектенишүүдө.

сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: