Топтому жолдо түндүк - түштүк тарапта лавина түшүп, участок жабык

Наталья Маркова Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Альтернативдүү жолдо түндүк – түштүк тарапта лавина түшүп, участок жабык
Арал – Казарман альтернативдүү автожолунун түндүк – түштүк бөлүгүндө кар лавинасы түшкөнү тууралуу транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, лавина трассанын 243–296-километрлеринде түшкөн. Учурда түшкөн кардын көлөмү такталууда. Бул участокто кыймыл толугу менен токтотулган.
Минтранс фото
Жолду тазалоо транспорт министрлигине караштуу № 18 жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту жогорулатуу үчүн окуя болгон жерге атайын техника жөнөтүлдү, тазалоо иштери улантылууда.

Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: