Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2022-2023-жылдары Сыдыгалиев транспортто мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп турган учурда, ал «башкаруусундагы кызматкерлерден акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуп» жеке байытууну көздөгөн.
Учурда орун басар министр ГКНБнын тергөө абагында кармалып турат.
Тергөөнүн алкагында саламаттык сактоо тармагындагы укук бузууларга катышы бар башка адамдардын аты-жөндөрү да аныкталууда.
- ГКНБ коррупцияга каршы күрөшүүнү Комитеттин негизги иш багыты катары белгилейт. Бардык күнөөлүүлөр, алардын кызмат ордуна же социалдык статусуна карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.