
Чүй облусунда Бишкек шаардык мамлекеттик транспорт каражаттарын каттоо борборунун үч кызматкери кармалды. Алар жасалма документтердин негизинде автоунааларды мыйзамсыз каттоо менен шектелүүдө. Сот аларга бир айлык алдын ала камакка алуу жазасын берди.
Облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кармоо кылмыштуу топту аныктоо боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында болду. Бул топ авто мектебинин жасалма дипломдорун даярдоо менен алектенген.
Тергөө маалыматтарына ылайык, схеманы эки жеке авто мектебинин директорлору — Б.Т. жана М.А., ошондой эле делдал И.Т. башкарган. Алар жарандардан, анын ичинде Кыргызстандан тышкары жашаган адамдардан, курстарды өтпөй туруп, жасалма документтерди даярдоо үчүн 40тан 120 миң сомго чейин акча алышкан. Андан кийин "студенттер" мамлекеттик портал аркылуу катталып, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерге катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Бир делдал аркылуу авто мектебине 244 адам кабыл алынган, ал эми мыйзамсыз алынган акчанын жалпы суммасы 2 760 850 сомду түзгөн. КРнын Кылмыш кодексинин 379-беренеси "Документтерди жасалмалоо" боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган схеманын уюштуручулары убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Текшерүү учурунда укук коргоо органдары 200 айдоочуларды окутуу боюнча журнал, 160 курсту аяктагандыгы тууралуу күбөлүк, 264 башка документ, сегиз электрондук маалымат ташуучу, ошондой эле 40 патрону бар аңчылык мылтыгын алып кетишти. Бул буюмдар далил катары эсептелет.
Мындан тышкары, тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция бул кылмыштуу топтун коңшу мамлекеттерден алып келинген автоунааларды мыйзамсыз каттоо менен да алектенгенин аныктады. Тергөө версиясы боюнча, мамлекеттик борбордун кызматкерлери жасалма документтерди колдонуп, каттоо базаларына маалыматтарды жалган киргизип, автоунааларды каттаган.
Кармалгандардын арасында башкы адис С.Д., ошондой эле адистер К.У. жана У.А. бар, баары убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.